KELECHEK
rek

Ашхабад: турак-жайлар бузулгандан кийин көчөдө үй-жайсыз жаныбарлар көбөйдү

Ашхабад: турак-жайлар бузулгандан кийин көчөдө үй-жайсыз жаныбарлар көбөйдү

Жакында Ашхабаддын борборундагы турак-үйлөр бузулгандан кийин айрым кичи райондордо үй-жайсыз жаныбарлар көбөйдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришүүдө.

Ашхабаддын жашоочуларынын айтымында, турак-жайы бузулган үй-бүлөлөр иттери менен мышыктарын көчөгө калтырып, батирлерде же туугандарыныкында баш калкалоого аргасыз болушкан. "Айрым үй-бүлөлөр көчүп жатканда буюмдары менен кошо үй жандыктарын да ала кетишкен. Бирок көпчүлүгү көп кабаттуу үйлөрдөгү тар батирлерге көчүп, өздөрү араң батып жатышат", - деди шаар тургундарынын бири.

Бийлик тарабынан Ашхабаддын борборундагы кезектеги турак-үйлөрдүн бузулуп жаткандыгы тууралуу январдын соңунда белгилүү болгон. "Биздин үйлөрдү шаарды көрктөндүрүү чараларынын алкагында бузуп жатышат. Жаңы турак-жай бөлүп берүү тартиптери так аныктала элек болгондуктан, көпчүлүк үй-бүлөлөргө туугандарыныкында жашап туруу буйругу берилди", - деп билдиришти ашхабаддыктар.

Учурда Ашхабаддын жашоочулары кичи райондордо үй-жайсыз ит-мышыктардын жүргөнүн көрүүгө болорун билдиришүүдө. "Аларга жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары тамак берип жатышат. Балдары болсо иттер менен ойноп жүрүшөт",- деди жергиликтүү тургундардын бири.

Ашхабаддык укук коргоочу Наталья Шабунцтун билдиришинче, көбүнчө көчөдөгү үй жандыктар балдардын көзүнчө өлтүрүлүүдө. «Андан кийин кээ бир балдарга психологиялык жардам керек болууда. Учурда үй жандыктарын кыруу учурлары көбөйүп жатат", - деп кошумчалады ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13