"Эл аралык мунапыс": Сирия түрмөлөрүндө массалык дарга асуулар болгон
"Эл аралык мунапыс" (Amnesty International) укук коргоо уюму Дамасктагы Сайеднайя түрмөсүндө массалык түрдө өлүм жазасы ишке ашырылып жатканын билдирүүдө.
Уюмдун баяндамасында айтылгандай, 2011-2015-жылдар аралыгында Асаддын бийлиги көзөмөлдөгөн түрмөдө жума сайын 20-50 киши дарга асылып турган. Ажал тапкандардын жалпы саны 5 миңден 13 миңге чейин жетиши мүмкүн. Баяндаманын авторлору дарга асылгандардын сөөктөрүн түрмөнүн сыртына алып чыгышып, чоң көр казып чогуу көмүп салышканын ырасташууда.
"Эл аралык мунапыс" баяндама 84 күбөнүн көрсөтмөсүнүн негизинде жазылганын баса белгилейт. Алардын арасында мурдагы кароолчулар, соттор, жактоочулар жана камактан чыккандар бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









