
Жалал-Абадда жалпыга маалымдоо каражаттарын этият болууга чакырышты

Жаш өспүрүмдөр арасында интернеттеги кооптуу оюндарга кызыгуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу “Көк кит” жана “Бейпил үй” оюндарынын балдарга карата терс таасири тууралуу маалыматтарды дембе-дем жарыялаганынан улам көбөйүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында балдардын коопсуздугу тууралуу өткөн тегерек столдо ата-энелер жана мугалимдер айтып чыгышты.
Ата-энелердин жана айрым мектеп мугалимдеринин айтымында, интернеттеги мындай кооптуу оюндар тууралуу көпчүлүк окуучулар мурда билишкен эмес. Качан гана алар тууралуу ЖМКларда кеңири маалыматтар таркаган соң, окуучулар ошол оюндардын даректерин таап, аларга кызыгышкан. Мугалимдер мектепте окуучулар менен бул тууралуу баарлашкан учурда окуучулар бул оюндарга качан жана кантип кызыгып калышканын ачык айтып беришкен. Ушуга байланыштуу тегерек столдун катышуучулары ЖМКлардын өкүлдөрүнө ар кайсы маалыматтарды таркатууда этияттанууга чакырышты.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы интернеттеги айрым кооптуу оюндарга байланыштуу балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тегерек стол өткөрүп, ага бийлик органдарынын, билим берүү тармагынын, коомчулуктун, ЖМКлардын өкүлдөрү катышышты. Буга чейин шаар мэриясы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир айлык жарыялаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30