KELECHEK
rek

Түркмөн алабайлары аскердик кызматта колдонулат

Түркмөн алабайлары аскердик кызматта колдонулат

Түркмөн президенти алабай породасындагы иттерди аскердик кызматта колдонуу боюнча атайын борбор түзүүнү тапшырды. Өлкө башчынын көрсөтмөсү Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылды. Коргоо министрлигинин кабарлашынча, кылмышкерлерди кармоо, жардыруучу жана наркотикалык заттарды табуу максатында алабайлардын катышуусу менен атайын машыгуулар өтөт.

Коргоо министри машыгуулар учурунда алабайлар өзгөчө чеберчилигин көрсөткөнүн баса белгилейт. Ошол эле маалда түркмөн адистери бул породадагы иттерди аскердик кызматта колдонуу пайдалуу болоруна ынанбай турушат.

"Алабайлар аскердик ишке анча жарабайт. Бул союз маалында эле аныкталган. Маселен, овчаркага “мага кел” деген буйруктарды үйрөтө албайсың. Аларды күч менен тутуу туура эмес деп эсептейм", -деди саяпкер жана аңчы Гельды Кяризов. Ал түркмөн бийлиги алабайларды популисттик максатта колдонууда деп эсептейт.

Бул арада Түркмөнстандын расмий медиасы алабайларды аскердик максатта колдонуунун тарыхый мааниси бар экенин билдиришүүдө. Алардын пикиринде, алабай бекеринен 2017-жылы өтө турган Азия оюндарынын тумары катары тандалган жок. Кулак, куйругу кесилген шайыр-шайдоот балтек спорттук иш чарада баарынын сүймөнчүлүгүнө айланышы керек деп эсептешет түркмөн басылмалары.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53