KELECHEK
rek

Казакстандагы "Азаттыктын" сайты дале иштей элек

Казакстандагы

20-майдан бери rus.azattyq.org менен azattyq.org сайттарына кирүүгө мүмкүндүк жок. Сайт уюлдук тиркеме аркылуу да ачылбай калды. Ошондой эле ишембиден тартып https://azatkaz.info дарегиндеги коопсуздук протоколу боюнча да байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Казакстандан тышкаркы жактарда сайтка VPN-кошулуу аркылуу да, анонимайзер аркылуу да кирсе болот.

Эреже катары, буга чейин сайттын айрым баракчаларына гана кирүүгө бөгөт коюлчу. 21-майда Казакстандын бир катар шаарларында жүздөгөн адам, анын ичинде журналисттер менен укук коргоочулар кармалган. Тартип сакчылары “жер маселесине” байланышкан уруксатсыз митинг өткөрүүгө бөгөт койгон.

Кармалгандардын арасында «Азаттыктын» Алматы, Астана, Орол, Атырау жана Шымкент шаарларындагы кабарчылары да бар. Кармалгандан бир нече сааттан кийин полиция кабарчыларды бошоткон. Акцияны сүрөттөгөн айрым журналисттердин видеокамерадагы, смартфондордогу кадрларын өчүрүп салышкан.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...