Өзбекстанда жемкорлукка каршы күрөшүү программасы кабыл алынды
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2017-2018-жылдарда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны бекиткен токтомго кол койду. Документтин тексти Lex.uz сайтына жарыяланды.
Токтом менен жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык республикалык комиссия түзүлүп, аны өлкөнүн башкы прокурору Ихтиёр Абдуллаев жетектемей болду. Аталган комиссиянын чечимин аткарууга бардык мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар милдеттүү болот. Мамлекеттик программада коомдун укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча улуттук программа иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле жакынкы айларда «Мамлекеттик кызмат тууралуу», «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу», «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу», «Укуктук маалыматтарды таратуу тууралуу», «Коомдук көзөмөл тууралуу», «Жабырлануучуларды, күбөлөрдү жана кылмыш ишинин башка катышуучуларын коргоо тууралуу» жана «Административдик жол-жоболоштуруу тууралуу» мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу пландалган.
Андан сырткары, программанын алкагында бюджеттик каражатты пайдалануу жараянынын ачыктыгын камсыздоо жана ал тууралуу маалыматтарды жеткиликтүү кылуу боюнча кошумча антикоррупциялык чараларды жүзөгө ашыруу белгиленди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









