Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтүүдө
Астанада Сириядагы согушту жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтүүдө. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы ок атышууну токтотуу режимин камсыздоо боюнча кабыл алынган механизмди талкуулоого чогулушту. Астанадагы жыйын БУУнун жана Иордания өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүүдө.
23-24-январдагы сүйлөшүүлөр алты жылга созулган жарандык согушту жөнгө салуу боюнча алгылыктуу натыйжа берген эмес. Бирок тараптар урушка байкоо жүргүзүү боюнча бирдиктүү ыкчам топ түзүүгө макулдашкан. Бул топко Орусия, Иран жана Түркиянын эксперттери кирген.
Москва менен Тегеран жарандык согушта Сирия президенти Башар Асаддын күчтөрүн жактаса, Анкара оппозициялык күчтөрдүн бир бөлүгүн колдойт.
2011-жылы башталган согуш 300миңдей кишинин өмүрүн алды, миллиондогон сириялыктар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









