KELECHEK
rek

Облустук коллегияда уктап калган жана уюлдук телефондорун чукулап ойноп олтурган жетекчилерге акыркы эскертүү берилди

Облустук коллегияда уктап калган жана уюлдук телефондорун чукулап ойноп олтурган жетекчилерге акыркы эскертүү берилди

Ушул жылдын 25-январында жыл жыйынтыгы чыгарылган Жалал-Абад облустук коллегиясында уктап калган жана уюлдук телефондорун чукулап ойноп олтурган бир катар жетекчилерге облустук өкүлчүлүктүн жетекчилиги тарабынан акыркы эсертүү берилди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.

Алынган маалыматка караганда, жыл жыйынтыгы чыгарылган облустук коллегиянын жыйынында Аксы районунун Кербен шаарынын вице-мэри Капар Мырзамамытов, КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик өнүктүрүү фондунун облустагы өкүлү Миразиз Аширов жана республикалык Мамлекеттик байланыш комитетинин РПО РМТРдин жетекчисинин орун басары Казыбек Тоголоковго акыркы эскертүү берилди. Жогоруда ысымдары аталган мамлекеттик кызматкерлер өз кемчилдиктерин толук моюндарына алышып, мындан ары облустук коллегиянын жыйыны мезгилинде этикага жатпаган мындай одоно жагымсыз көрүнүштөрдү кайталабоого өздөрүнүн түшүнүк каттарын да жазып беришти.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев аппараттын жыйынында мындан кийин облустук коллегияда жана мамлекеттик иш-чаралар өткөрүлгөн маанилүү жыйындарда уктап калышкан жана уюлдук телефондорун чукулап ойноп олтурган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге алар ким экендигине жана ээлеген кызматтарына карабастан андай жетекчилерге кызматтан алуу сунушу берилээрин эскертти.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-январында жыл жыйынтыгы чыгарылган облустук коллегиянын жыйынына КР Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Жеңиш Разаков катышкан. Ал жыйында уктап калган жана уюлдук телефондорун чукулап ойноп олтурушкан бир катар жетекчилер “7 канал D” телеканалынан көрсөтүлгөн.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13