
ЖАЛАЛ-АБАДДА СПОРТТУК СПАРТАКИАДА ӨТҮП ЖАТАТ(ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде (ЭИУ) үстүбүздөгү жылдын 2-февралында профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу ЭИУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.
Бул спорттук иш-чара ЭИУда окуу жай ачылган мезгилден, тактап айтканда 1993-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Негизги максаты - ЭИУ кызматкерлери арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу жана жамаат ынтымагын арттыруу. Спартакиадада спорттун волейбол, баскетбол, мини-футбол, стол тенниси, чатыраш сыяктуу түрлөрү боюнча мелдештер өтүп жатат.
Мындан сырткары, гиря көтөрүү, аркан тартышуу, комбинацияланган эстафета жана бильярд боюнча да мелдештер өткөрүлмөкчү. Командалар окуу жайдын бөлүмдөрү боюнча түзүлүп, агайлар жана эжекелер командалары болуп бөлүнөт. Жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктар тизмесинде өтмө кубок, даражалар боюнча дипломдор жана акчалай сыйлыктар бар.
- Мындай спартакиаданы жыл сайын өткөрүп келебиз. Бул спартакиада эсеби боюнча 24сү. Иш-чара окуу жайыбыздын турукташып калган жакшы салттары бар экенин айгинелейт. Аларды ЭИУнун Президенти, доктор, профнссор Кантөрө Токтомаматов баштап берген. Биздин кызматкерлер бул спорт майрамын абдан жакшы көрүп, башталышын көптөгөн үмүттөр менен күтүшөт. Агай-эжекелерибиздин спорт мелдештери студенттерибиздин да зор кызыгууларын жаратат, - дейт аталган окуу жайынын ректору, илим доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20