KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы “Ынтымак” коалициясы түзүлдү (ФОТО)

Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы “Ынтымак” коалициясы түзүлдү (ФОТО)

Жалал-Абад шаардык кеңешинде курамына КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата-Журт" фракциялары кирген жаңы “Ынтымак” коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда аталган коалиция мүчөлөрү маалымат жыйында билдиришти.

“Ынтымак” коалициясынын лидери Сайдилла Чымбердиевдин айтымында, коалициянын курамына 18 депутат кирген. 13-февралда биринчи сессия болоору күтүлүүдө. Сессиянын күн тартибинде 3 маселе каралат. Биринчиси,  жаңы түзүлгөн «Ынтымак» коалициясын маалымдоо, экинчиси шаардык кеңештин төрагасын жана үчүнчусү төраганын орун басарын шайлоо маселелери каралаары күтүлүүдө.  

Жыйынга оппозицияда калган «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт» фракцияларынын депутаттары да чакырылат. Жаңы түзүлгөн «Ынтымак» коалициясы шаардын мэри кызматына кайрадан Салайдин Авазовдун талапкерлигин көрсөтүшөт.

Үстүбүздөгү жылдын 12-январында “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата-Журт” партиялары "Биримдик" коалициясын түзгөнүн жарыялап, алгачкы сессиясын чакырышкан. Бирок, 27-январда курамынан “Республика – Ата-Журт” фракциясы чыгып кеткендиктен, “Биримдик” коалициясы бузулган.

Былтыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Жалал-Абад шаардык кеңешине КСДП, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата-Журт” жана “Кыргызстан” партиялары өткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12