Миллиардер Алишер Усманов 600 миллион долларга яхта сатып алды
Өзбек тектүү орусиялык мультимиллиардер узундугу 156 метр жана 120 адамды батырган суперяхта сатып алды. Бизнесмен аны Канн кинофестивалы учурунда элге көрсөткөн.
Яхтада бассейн, тик учак конуучу жай, спорт жана тамактануучу жайлар, заманбап техника менен жабдылган люкс каюталар бар. Ага тейлөөчү 40 адамды, 80 экипаж мүчөсүн, 120 конокту жайгаштырса болот. Тейлөөчү персонал күнү-түнү коноктордун кызматында болот.
Эң чоң жана кымбат кемелердин дүйнөлүк рейтингинде 4-орунду ээлеген бул яхта адегенде «Omar» деп аталган. Кийинчерээк Усманов ага өз энесинин урматына «Dilbar» деген ысым берген. Ал иштиктүү жолугушуулар жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн арналган. Өзбек ишкеринин мурунку 110 метрлик яхтасы да «Dilbar» деп аталчу.
2013-жылы Алишер Усманов болжол менен 100 миллион АКШ долларына Apple компаниясынын акцияларын сатып алган. Ал Mail.ru, Odnoklassniki.ru, Vkontakte.ru. долбоорлорунун, ошондой эле Digital Sky Technologies компаниясынын тең кожоюну болуп саналат. Жүздөгөн популярдуу веб-сайт менен порталдардын, «Мегафон» акцияларынын ээси. Андан тышкары, курамына федералдык 7ТВ менен Муз-ТВ, 33 аймактык телеканал кирген медиахолдингдин да тең кожоюну. Усмановдун медиаимпериясында Коммерсантъ басылма үйү да бар.
Алишер Усмановдун байлыгы 13,4 миллиард долларга бааланат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38