Парламент өкмөттү алмаштырууну сунуштады
Жогорку Кеңеште өкмөттү мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү боюнча кол топтоо процесси башталды. Парламентте 2-февралда Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки абал тууралуу өкмөттүк саатта премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун иши боюнча нааразылык айтылды.
Депутаттар өкмөт өзүнө жүктөлгөн милдет-тапшырманы аткара албай жатат деп сынга алышты. Ал арада кийинки премьер болот деген талапкерлердин аттары атала баштады.
Өкмөттүк саатта айрым фракция лидерлерин өкмөт башчынын парламенттин түштөн кийинки жыйынына катышуудан баш тартканы нааразы кылды. Атүгүл Өмүрбек Текебаев менен Сооронбай Жээнбеков кайым айтышканга чейин барды.
“Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев өкмөт ЕАЭБге киргенден кийинки абалды жөндөй албай жатканын кескин сынга алып, ишенбестик көрсөтпөө боюнча кол топтоо башталганын маалымдады.
Бул арада “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов азыркы өкмөттүн тагдыры боюнча 3-февралда фракция жыйынында чечим кабыл алынарын маалымдады. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн түшүп кеткени боюнча өкмөттү айыптады." Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин биздин товар жүгүртүүбүз 19 пайызга азайыптыр. Экспортубуз болсо, валюта түшө турган жагыбыз тогуз пайызга азайыптыр. Орусия менен товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 280 миллион доллар болсо, ошонун 120 миллион долларлык товар жөнөтөт экенбиз. Калганынын баары Орусиядан келет экен. Орусия менен да, Казакстан менен да тескери сальдо. Өкмөт эч кандай чара көргөн жок", -деди ал.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев өкмөт башчы азыркыдай оор абалды оңдоп кете аларына ишенбей турганын билдирди. Сооронбай Жээнбековду саясий жоопкерчиликти алып өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБге киргенден кийин айрым бир жылыштар болгону менен кемчиликтер бар экенин мойнуна алды. Депутаттарды келечекте баары ордуна келет деп ишендиргенге аракет кылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









