KELECHEK
rek

«Виза режими жоюлсун». Тажик-өзбек чек арасынан репортаж

«Виза режими жоюлсун». Тажик-өзбек чек арасынан репортаж

1-февралда «Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттери тажик-өзбек чек арасындагы «Дусти» өткөрмө бекетинде болуп, чек арадан өткөн эки өлкө жарандары менен маектешип келишти.

Жаңы гана «Дусти» өткөрмө бекети аркылуу Тажикстан тарапка өткөн Фергананын жашоочусу Хосият Сатторова карапайым эл Дүйшөмбү менен Ташкенттин ортосундагы мамиленин жакшырып баратканына үмүт менен карап жатканын айтты. «Виза режиминин жоюла электигине жана аны алуу үчүн өзбек тараптан чакыруу керек экендигине карабастан адамдардын көңүлү кыйла көтөрүлүп калды», — дейт ал.

Аймакта тажик-өзбек чек арасынын эки тарабында тең туугандары бар үй-бүлөлөр жүз миңдеп саналат. Бирок чек арадан өтүүдөгү кыйынчылыктар алардын өз ара байланышына тоскоолдуктарды жаратып келген. Көбү бир канча жылдан бери туугандарын көрө элек жана виза режими тез арада жөнөкөйлөтүлсө деп кыялданып келишет.

Абдурахмон Остонакулов Тажикстандын жараны, жаңы гана Өзбекстанда жашаган үй-бүлөсү менен көрүшүп келатат. «Мен Тажикстанда жашайм, жубайым болсо балдар менен Өзбекстанда. Аларга барарда үй-бүлөмөн расмий чакыруу күтөм, анан виза алып барам», - деди ал.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 1332,9 чакырымды түзөт. Эки өлкө ортосунда 2002-жылы кол коюлган өкмөттөр аралык келишимге ылайык, тажик-өзбек чек арасында 16 өткөрмө бекети орнотулган. Алардын тогузу эл аралык макамга ээ болсо, калгандары эки тараптуу мааниге ээ.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13