KELECHEK
rek

Жикчилдер Авдеевканы аткылоону улантууда

Жикчилдер Авдеевканы аткылоону улантууда

Украинанын чыгышында жикчилдер Авдеевканы аткылоону улантууда. Куралдануудан баш тартуу боюнча 1-февралда Минскте жетишилген келишимге карабай, “Град” реактивдүү системасы, оор артиллерия жана танктар колдонулууда. Украин аскерлеринин маалыматы боюнча өткөн суткада 67 атышуу катталды. Эки аскер кызматкери набыт болду. Жарадардардын саны 14кө жетти.

Украин күчтөрү менен жикчилдердин ортосундагы уруш Авдеевканын өндүрүш зонасында 29-январда жанданган. Эки тараптан тең жоготуулар бар, жай тургундар дагы жабыркап жатышат. Жаңжалдын күчөшүнө эки тарап бири-бирин айыптоодо.

Учурда 22 миң киши жашаган Авдеевкада жылуулук системасы иштебей, суу жана электр энергиясын берүү токтоду. Украина президенти Петр Порошенко аймакка өзгөчө кырдаал киргизди жана калкты көчүрүү планын жарыялады. "Укринформ" агенттигинин маалыматы боюнча кечээ эртең менен Авдеевкадан 149 киши эвакуацияланды, алардын жарымы - жаш балдар.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши бейшембиде кайрадан Донбасстагы кырдаалды карайт. Күн мурун ок атууну тезинен токтотуу боюнча билдирүү кабыл алынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...