Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү азайды
Былтыр он бир айда Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 16,7 % кыскарган. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште биримдикке мүчө болгондон кийинки жагдайга түшүндүрмө берип жатып айтты.
Маалыматка караганда, Евразия экономикалык биримдигинин жалпы кирешесинен Кыргызстан 2,8 млрд сом албай калды. Өкмөт башчы Кыргызстанда ушул тапта экономикалык кризис бар экенин да билдирди.
Муну убактылуу көрүнүш катары сыпаттаган Жээнбеков абалды Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштырды. Ага карабай, бажы планы толгонун белгиледи.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы августта толук кандуу кошулган. Андан тышкары уюмга Казакстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алакасы 16,7% төмөндөгөн. Биримдик өлкөлөрүнө жасалган экспорт мурунку жылга караганда 8,1% азайган.
Сооронбай Жээнбеков маселени жыл аягына чейин чечүү аракети жүрүп жатканын кошумчалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38