
Ош шаарынын спортчулары өткөн жылы 96 алтын медалга ээ болушту

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Өткөн жылы Ош шаарынын спортчулары Кыргыз Республикасынын 24 чемпионатына, 32 эл аралык турнирге, 36 КРнын Биринчилигине, 23 республикалык деңгээлдеги мелдештерге, 12 КРнын Ачык кубогуна, 4 Азия, 1 Орто Азия чемпиоантына, 3 Дүйнө Кубогуна, 1 КРнын спартакиадасына, 3 эл арлык семинарларга катышышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, жыйынтыгында спортчулар 96 алтын, 88 күмүш, 116 коло медалдарга ээ болушту. Эл аралык жанан Азия чемпионаттарында ийгиликке жетишкен спортчуларга спорт агенттиги тарабынан стипендиялар берилип жатат, ал эми машыктыруучуларга Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан эмгек маянасына кошумча каражат каралган.
"2017-жылы Ош шаарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү максатында ордо, тогуз коргоол, кур күрөш оюндарына өзгөчө көңүл бурулуп, спорт комитетке караштуу улуттук оюндар боюнча спорт мектеп ачуу пландалып жатат", - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Айта кетсек, 2016- жылы улуттук оюндарды өнүктүрүү максатында “Ордо” оюну боюнча эл аралык турнир жана “Тогуз коргоол” оюну боюнча КРнын чемпионаты Ош шаарында болуп өткөн. Ошондой эле, 2016-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн II-Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна Ош шаарынын улуттук оюндары боюнча командасынын спортчулары катышып байгелүү орундарды багындырып келишкен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20