Алматыда театралдык "Откровение" фестивалы өтүүдө
Казакстанда 1-февралда “Откровение” аттуу фестивалдын ачылышы болду. Иш чара 13-февралга чейин уланат. Алгачкы төрт күндө көрүүчүлөргө Алматы театрларынын оюндары көрсөтүлөт. Андан кийин Москва, Санкт-Петербург, Рига, Еревандын өнөрпоздору спектаклдерин коюшат.
Чет өлкөлүк үч спектакль документалдуу театр багытына кирет. Казакстанда бул анча өнүккөн эмес. Фестивалдын алкагында Орусия, Финляндия, Германия, Польша, Улуу Британиядан келген чеберлер мастер-каласстарды жана лекцияларды өткөрүшөт.
"Откровение" заманбап театрды өнүктүрүү менен алектенген, көз карандысыз долбоорлорду кубаттаган эл аралык аткаруучулардын өнөр фестивалы болуп эсептелет.
Фестиваль өзүн актабайт, бирок анын уюштуруучулары спектакль ар бир көрүүчү үчүн жеткиликтүү болушу керек деген саясатты карманышат. Буга байланыштуу Казакстан театрларынын спектаклдеринин баасы анча жогору эмес. Акыркы эки жылдан бери фестивалга демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп келишет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29