Тажикстан Ташкент менен аба каттамдарын жандандырууга даярданууда
1-февралдан тарта «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча аткарыла турган аба каттамына билеттерди сата баштады. Билет баасы 1164 сомонини (150 АКШ долларына жакын) түзөт.
Компаниядан кабарлашкандай, "Сомон Эйр" кыш аяктаганга чейин аптасына бир жолудан, андан кийин эки жолудан каттам аткарып турат. Жаңы каттамдын ачылышы менен Тажикстан жана Өзбекстан жашоочуларынын өз ара байланышуусу жеңилдесе, авиакомпаниялар транзиттик каттамдардын аркасы менен географиясын кеңейтет деп күтүлүүдө.
Авиакомпания алгачкы ырааттуу аба каттамын 20-февралда баштай тургандыгы кабарланууда. Эки шаар ортосундагы учуунун узактыгы 45 мүнөттү түзөт. 10-февралда «Сомон Эйрдин» делегациясынын катышуусунда сыноо иретиндеги техникалык каттамды аткаруу пландалууда. Эгер Ташкент аэропорту арзандатууларга макул болсо, аталган багыт боюнча тарифтерди төмөндөтүү мүмкүндүгү да каралат.
Ал ортодо «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы тажик кесиптештеринин учууларды баштоо планы тууралуу эл аралык маалымат каражаттарынан уккандыктарын жана азырынча алар теңтайлаштык негизде аба каттамдарын аткаруунун алкагында эч кандай аракеттерди көрө электигин билдирди. Эки өлкө ортосундагы макулдашууга ылайык, Тажикстандан Өзбекстанга каттамдарды «Сомон Эйр», Ташкенттен Дүйшөмбүгө «Өзбекстан аба жолдору» аткарат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38