Жалал-Абаддан 57 жоокер аскердик кызматын өтөө үчүн Балыкчыга жөнөп кетишти (ФОТО)
Бүгүн, 2-февралда Жалал-Абад шаарындагы топтоо пунктунда облустун бардык район-шаарларынан келишкен 57 жоокерди бир айлык аскердик милдеттүү кызматтарын өткөрүү үчүн Балыкчы шаарына салтанаттуу узатуу иш-чарасы болуп өттү.
Өз учурунда ар кыл жүйөлүү себептер менен кимдир бирөөсү жогорку окуу жайында окуп, кээ бирлери үй-бүлөлүк шартка байланыштуу мекен алдындагы ыйык аскердик милдетин өтөөгө өз убагында мүмкүнчүлүгү болбой калган 25 жаштан 40 жашка чейинкилерге КР Өкмөтү тарабынан бир айлык аскердик кызматтарын өтөшүп, биринчи категориядагы аскердик билеттерин алуу шарттары жаратылган. Бул үчүн жоокерлер контрактык негизде 50 миң сом төлөп, өлкөбүздүн аймагындагы кайсыл бир аскердик бөлүктө бир айлык аскердик даярдыктар менен машыгуулардан өтүүлөрү парз.
Жалал-Абад шаарындагы топтоо пунктунда жыйналган 57 жоокердин басымдуу бөлүгү дээрлик жогорку билимдүү адистер. Алсак, Азамат Калматов 27 жашта, Ала-Бука районунун тургуну, Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. КР Ички иштер министрлигинде сержант катары кызмат өтөп жатат. Ал бир айлык аскердик даярдыктан ийгиликтүү өтүп, 1-категориядагы аскердик билетин алса ага кезектеги офицердик чинин алуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Ал эми Аксы районунун тургуну Аскат Акмырзаев 2015-жылы Индиянын Пуна шаарында өткөн Азиянын чемпионатында кикбоксинг боюнча коло медалдын ээси болгон. Ала-Бука районунун тургуну, 35 жаштагы Алтынбек Стамов экономикалык жана юридикалык эки жогорку билимге ээ. Ал Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин финансы-кредит жана Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.
КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад топтоо пунктундагы 57 жоокерди Балыкчы шаарына аскердик ыйык милдеттерин өтөөгө узатууга арналган салтанаттуу жыйында Жалал-Абад шаарындагы топтоо пунктунун башчысы, подполковник Керимбек Эшбаев, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн укук, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси Маданбек Кашкынчиев, Кара-Көл шаардык аскер комиссариатынын башчысынын орун басары, полковник Абдырасул Дүйшөбаев, Жалал-Абад шаарындагы Ооган ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдусамат Абдырасулов, Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракулов жана жоокерлердин ата-энелеринин атынан Шайыргүл Багышева менен Сооронбай ата жоокерлерге Мекен алдындагы ыйык аскердик милдеттерин ак ниеттүүлүк менен татыктуу өтөп келүүлөрүн чын ниеттеринен каалап кетишти.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КР Коргоо министрлиги менен биргеликте 18 жашка толгон жигиттерге өз убагында аскердик милдеттерин өтөй албай калгандарга мыйзамдын негизинде бир айлык аскердик милдеттерин өтөөгө шарттарды жаратып берип олтурат. Бүгүнкү күнү бир айлык аскердик милдеттерин Балыкчы шаарында өтөөгө жөнөп жатышкан 57 жоокердин басымдуу бөлүгү юридикалык жана экономикалык жогорку билимдерге ээ. Бүгүнкү резервист жоокерлердин көбү облусубуздун район-шаарларында салык, бажы кызматтарында жана ички иштер органдарында татыктуу кызмат өтөп жатышат. Жоокерлер бир айлык аскердик даярдыктарын ийгиликтүү өтөп келишкен соң, алардын кызматтык даражаларын жакшыртууга дагы ыңгайлуу шарттар жаралат,- деди КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад топтоо пунктунун башчысы, подполковник Керимбек Эшбаев.
Быйылкы жылы Жалал-Абад топтоо пунктунун офицерлери менен прапоршиктери өз убагында аскердик кызматтарын өтөбөгөн жоокерлерге контрактык негизде 5 этап менен жоокерлерди бир айлык аскердик даярдыктан өткөрүүнү мерчемдеп жатышат. Балыкчы шаарына бир айлык аскердик кызмат өтөөгө жөнөп кеткендердин эң жашы 25те, ал эми эң улуусу 35 жашта экендиги маалым болду.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









