Акүй «грин-карта» ээлеринин АКШга кирүүсүнө уруксат берди
АКШ администрациясы өлкөдө мыйзамдуу түрдө туруктуу жашаган «грин-карта» ээлеринин Кошмо Штаттардын аймагына киришине уруксат берди. Reuters агенттиги маалымдагандай, тиешелүү тактоолор президент Дональд Трамптын миграцияны чектөө тууралуу жарлыгын аткаруу нускамаларына киргизилди.
Трамптын жарлыгы Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө 90 күнгө тыюу салат. Андан сырткары бозгундарды кабыл алууга 120 күндүк чектөө киргизип, сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө чейин токтотот. Жарлык аталган өлкөлөрдүн америкалык визасы жана «грин-картасы» бар жарандарына да тиешелүү болгон.
Шайлоо өнөктүгү маалында Трамп мусулмандарды "АКШ үчүн коркунуч» деп атап, алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу чарасын сунуштаган. Анын мындай билдирүүсү ММКлар менен социалдык түйүндөрдө көптөгөн сын пикирлерди жараткан. Кийинчерээк Трамптын тарапташтары анда кеп мусулмандар жөнүндө эмес, АКШга кирүүгө аракет кылган радикал исламчылар жөнүндө болгонун билдиришкен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









