KELECHEK
rek

Интернеттеги опурталдуу оюндар боюнча түз байланыш ачылды

Интернеттеги опурталдуу оюндар боюнча түз байланыш ачылды

Түз байланыш телефондору аркылуу интернеттеги опурталдуу оюндар боюнча адистер кеңеш беришет. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, 111 номуру жалпы республика боюнча, ал эми 185 номуруна Бишкек шаарынын тургундары чалышса болот.

Телефон аркылуу байланыш да, кеңеш алуу да акысыз. Мындай чечим 1-февраль күнү вице-премьер-министр Чолпон Султанкулованын жетекчилиги менен өткөн жыйында кабыл алынды. Вице-премьер-министр бүгүнкү күнү коомчулуктун бүйрүн кызытып жаткан виртуалдык кооптуу оюндар өспүрүмдөрдүн арасына тарап кетпеси үчүн болгон күчтүн баарын жумшоону тапшырды. Султанкулова бул маселеге тартип сактоо кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук кылдат көңүл буруп, алдын алуу чараларын көрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Интернеттеги “көк кит”, “сен оюндасың”, “өлүм тобу” деген сыяктуу суицидге үндөгөн оюндар Кыргызстанга социалдык тармактар аркылуу Орусиядан келген. Өткөн жылы мындай оюндардын кесепетинен 15 чакты өспүрүм өз өмүрүн кыйган соң Орусиянын коопсуздук кызматы мындай виртуалдык оюндардын түзүүчүлөрүнүн бири – Филипп Будейкону кармаган.

1-февраль күнү таңга жуук Бишкекте 8-класстын окуучусу 4-кабаттан секирип, көз жумган. Айрымдар баланын өз жанын кыюусу ушундай виртуалдык оюнга кирүүнүн жыйынтыгы болушу ыктымалдыгын айтып жатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13