Бүгүн Минскте Донбасс боюнча байланыш топтун жыйыны өтөт
Украина чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн Үч тараптуу байланыш тобунун жыйыны Минискте бүгүн, 1-февралда өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу топтогу Украинанын өкүлү Дарья Олифер билдирди.
Олифер күн мурун Орусия жана жикчилдердин өкүлдөрү келбегендиктен, топтун видеоконференция форматындагы жыйыны болбой калганын айтты. Орусия башында бул сүйлөшүүгө катышарын айтып, бирок кийин анын максаттуу эместигин билдирип баш тарткан.
Өткөн суткада атышуулар күч алып, бир украин аскер кызматкери мерт кетти. Авдеевка районунда реактивдүү снаряддар жана танктар колдонулду.
31-январда орусиячыл жикчилдер украин армиясы ээлеген айрым позицияларды кайтарып алууга аракет жасады. Эки тараптан тең жоготуулар бар экени, жай тургундар дагы жабыркап жатканы кабарланууда. Авдеевкадагы атышуулардан улам электр менен камсыздоо токтоп, суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.
Европа Кеңешинин башкы катчысы Турбьерн Ягланд Донбасстагы жаңжалдын бардык катышуучуларын аскердик аракеттерди тезинен токтотууга үндөдү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13