KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунун аймагында “Өспүрүм” рейди өтүүдө (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун аймагында “Өспүрүм” рейди өтүүдө (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун аймагында өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана алардын ден-соолугуна, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү алдын алуу үчүн “Өспүрүм” аталыштагы профилактикалык иш-чара өтүүдө.  Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, рейдди өткөрүүнүн максаты – өспүрүмдөр  арасында чыр-чатактарды болтурбоо, жаш балдардын эмгек рессурсун (оор жумуштарда, зыяндуу) мыйзамсыз пайдаланган атуулдарды аныктоо жана адептүүлүккө тарбиялоо болуп саналат.

Мындагы  иш-чара алкагында  түн бир оокумга чейин коомдук жайларда ичимдик ичип жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын жакындарына жана өздөрүнө карата Жалал-Абад ШИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, каттоого алынды. 

"Жашы жете элек кароосуз калган балдарды, алардын эмгек рессурстарын туура эмес пайдаланып жүргөн ошол эле балдардын ата-энелери, башкача айтканда сууктун күнүндө өздөрү менен ээрчитип кайырчылыкты кесип кылып алган тилемчилердин балдарын кааттого алуу менен социалдык жактан аларга кам көрүү, мектепке барбай жүргөндөрдү аныктоо үчүн милиция менен биргеликте күн-түн дебей аракет кылуудабыз. Ошондой эле,  бүгүнкү рейдде үй-жайы бар, эмгекке жарамдуу ата-энелер мечиттерде жума намаз окулуучу убактарда балдарын кайырчылык суратып койгон фактылар аныкталды", - дейт Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкери Нурзат Тагаева.

Эске салсак, иш-чара учурунда Сузак районун аймагы аркылуу өткөн  Ош-Бишкек авто жолунда жайгашкан ашканаларда түн ичинде сим карта сатып жүргөн жаш балдар аныкталып жана алар менен кошо компаниянын супервайзерлеринин үстүнөн материалдар чогултулуп  прокуратурага жиберилди. Тактоо учурунда алардын арасынан ата-энесинин уруксаты жок, үйүнө барбай качып жүргөн балдар да аныкталды.

Бүгүнкү күндө 1669 жаш өспүрүм каттоодо турат. Анын ичинен: 986 мектеп окуучулары, 21 профессионалдык лицейлердин студенттери, 18 колледждердин окуучулары жана 644 эч жерде окубагандар жана иштебеген өспүрүмдөр.

Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан Балдарды кароо комиссиясына 2000ден ашуун материал жөнөтүлгөн. Алардын арасынан Социалдык жактан жардам берүүчү балдар үйүнө,  интернатка балдар жиберилип, 238 баланын ата-энесине айып салынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13