KELECHEK
rek

Түркмөнстан темир жол тууралуу Тажикстандын билдирүүсүнө тынчсызданууда

Түркмөнстан темир жол тууралуу Тажикстандын билдирүүсүнө тынчсызданууда

Түркмөнстан өлкө аймагы аркылуу Орусияга барчу темир жол ачуу тууралуу тажик аткаминеринин айткандары боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин шаршембиде жарыяланган билдирүүсүндө «Тажик темир жолу» компаниясынын жетекчи орун басары Усмон Каландаровдун айткандары «ылайыксыз» болгону жазылган.

Буга чейин тажик ММКлары Калдаров Өзбекстан аркылуу өлкөнү Орусия менен бириктире турган жаңы темир жол линиясын ачуу мүмкүндүгү талкууланып жаткандыгын билдиргенин кабарлашкан. Ал жолдун бир бөлүгү Түркмөнстандын аймагы аркылуу өтөрү айтылган.

Түркмөн ТИМи бул билдирүүнү эки тараптуу мамилелер менен аймактык байланыштардын өнүгүүсүнө ылайык келбейт деп мүнөздөп, Тажикстан аны кайра артка алышы керек деп эсептейт. ТИМдин билдирүүсүндө Түркмөнстан менен Тажикстан Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолун куруу долбооруна катышып жатканын жана өткөн жылдын ноябрында Түркмөнстан анын биринчи бөлүгүн куруп бүткөргөнү айтылган.

Андан сырткары министрлик Түркмөнстан Тажикстан менен кызматташууну улантууга даяр экендигин жана коңшу өлкө чиновниктин билдирүүсүн карап чыгат деген үмүтүн билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38