KELECHEK
rek

Казакстанда прокурорлор сынга кабылды

Казакстанда прокурорлор сынга кабылды

Казакстандын башкы прокурору 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган чогулуш учурунда кол алдындагылардын ишин катуу сынга алды.

Башкы прокурор Жакип Асанов прокуратура кызматкерлеринин арасында "эт менен челдин" ортосунда жүргөндөр арбын экенин белгиледи. Башпрокурор кызматкерлер эртеден кечке мамлекеттик маанилүү иштер менен алпурушуп жаткандай түр көрсөтпөшү керектигин айтты. Асанов аларды жумушка болгон мамилени кескин өзгөртүп, жаңыча ой жүгүртүүгө чакырды.

Президенттин жардамчысы – Казакстан коопсуздук кеңешинин катчысы Владимир Жумаканов былтыр прокуратура имаратынын алдында болгон өзүн өрттө акцияларын эске салып, кызматкерлерди мыйзамдуулуктун сакталышына жигердүү көзөмөл жүргүзүүгө үндөдү.

2016-жылы 6-декабрда Жамбыл облусунун жашоочусу Майра Рысманова уулунун мыйзамсыз соттолуп жатканынан каршылыгын билдирип, прокуратура имаратынын алдында өзүнө өрт койгон. Ал ооруканада көз жумган. Башкы прокуратура бул иш боюнча териштирүү жүргүзүүнү убадалаган. 22-декабрда Шымкент шаарында жергиликтүү ишкер Нуркен Айнабеков бензин чачып өрттөнгөн. Ал көз боёмочулук иши боюнча шектүү катары эсептелип жаткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53