Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында “Таамай” студиясы ачылды
Калкты маалымат менен тынымсыз камсыздап турган Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында (ЖМТРК) “Таамай” студиясы ачылды. Бул тууралуу аталган телевидениенин башкы директору Тургунбай Алдакулов билдирди.
Анын айтымына караганда, ЖМТРКнын материалдык-техникалык базасын чыңдоо аркылуу чыгармачылык алдыңкы чектерди багындыруу аракеттери жүрүп жатат. Ачылуу аземине шаардын мэри Салайдин Авазов да катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаңы студиянын ишине ийгиликтерди каалады.
- Өзүңүздөргө маалым болгондой, мамлекеттик телеканалдарды санариптик телеберүүгө өткөрүү үчүн мамлекет тарабынан атайын жүз миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Ошол долбоордун негизинде каналга техникалык жабдуулар белекке келип олтурат. Андан тышкары, жергиликтүү бийликтер да бизге көптөгөн колдоолорун көрсөтүшүүдө. Учурдан пайдаланып жергиликтүү бийликке да терең ыраазычылык билдиребиз, - деди ал.
Эскерте кетсек, былтыркы жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык маарекесин белгилеген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13