Сузактагы жер көчкү жүргөн Сары-Булак айылынын тургундары коопсуз жайларга көчүрүлүүдө (ФОТО)
Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылындагы үйлөрү көчкүнүн алдында калган 2 үй-бүлөнүн жана ушул эле айылдагы 13 үй-бүлөнүн тургундары коопсуз жайларга шашылыш түрдө көчүп чыга башташты.
Жер көчкүдөн жабыр тартышкан 4 үй-бүлөгө Кыз-Көл айыл аймагынын жетекчилиги тарабынан 25 740 сомдук тамак-аш азыктары жеткирилип берилди. Сары-Булак айылындагы “Орток” токой чарбасынын кеңсесине үйлөрү жер көчкү астында калган үй-бүлөлөр менен турак-жайлары кооптуу аймакка кирген 7 үй-бүлө жайгаштырылды. КР ӨКМ тарабынан 27 адамга жылуу кийимдер менен төшөнчүлөр таратылып берилди. Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков Сары-Булак айылынын эли менен жеринде жолугушту.
- Элибизде сактанганды кудайым сактайт деген жакшы сөз бар. Бизде адам өмүрүнөн өткөн кымбат эч нерсе жок. Ошондуктан ар кандай кырсыктын алдын алышыбыз керек. Биз мамлекетке керекпиз дегенди өзүңөр дагы сезишиңер керек. Биринчи кезекте балдарыбыздын тагдырын ойлосок тез арада коопсуз жайларга көчүп чыгуубуз зарыл. Сары-Булак айылында жашап жатышкан 13 үй-бүлөгө 1994-жылы мамлекеттик ссуда менен чектер берилген. Бүгүн Сиздерге алгачкы жардамдар келди. Мындай кезеңде мамлекет элди кыйынчылыкта жалгыз калтырбайт. Мен кооптуу аймактарда жашап жатышкан калкты коопсуз жайларга көчүрүп чыгаруу боюнча атайын буйрук чыгаргамын. Жергиликтүү бийлик калк арасында түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүп келе жатат. Баарыбыз мыйзамды сыйлашыбыз керек. ӨКМдин адистери көчкүлө деп эскертме бергенден кийин аны аткарышыбыз керек. Туугандарыңарга туура түшүндүргүлө, элчилик деген, бийлик деген бар,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
- КР ӨКМнин мониторинг жүргүзүү боюнча адистери жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарды изилдегенден кийин, кооптуу аймактардын жашоочуларын коопсуз жайларга көчүрүү атайын эскертүү бүтүмүн чыгарышат. Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт. Сары-Булактагы жер көчкү жакшы күндүзү болуп, жер көчкү акырын жылгандыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. Көчкү качан болоорун эч ким билбейт. Ошондуктан азыркы кооптуу кырдаалды туура кабыл алуу менен коопсуз аймактарга, тууган-уруктардыкына көчүп чыгууңар керек. Биз бүгүн 26 адамга тамак-аш жана жылуу төшөнчүлөрдү алып келдик,- деди КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков.
- Элдин ал-акыбалын сурап келгениңерге чоң рахмат. Биз дагы калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатабыз. Былтыр жер участоктору элибизге бир аз кечирээк бөлүнүп калды. Учурда күн сайын кооптуу аймактарда жашап жаткандар акырындап тууган-уруктарына көчүп чыгып жатышат. Элибиз дагы ӨКМдин адистеринин жана бийлик өкүлдөрүнүн эскертүүлөрүн туура кабыл алып жатышат,- деди Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Касымбек Токтоматов.
Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын жашоочулары менен жолугушуп, аларга дагы кооптуу аймактардан көчүрүп чыгаруу боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Кызыл-Туу айыл аймагы боюнча 320 кооптуу аймактарда жашап жатышкан үй-бүлөнүн 118и гана коопсуз аймактарга көчүп чыгышкан болсо 320 үй-бүлө дагын деле көчүп чыгыша элек. Ал эми Алмалуу-Булак айылындагы 139 үй-бүлөнүн 59у гана көчүп чыкса, калган 80 үй-бүлө дагы деле жер көчкү жүрүү коркунучу бар кооптуу аймактарда жашап жатышат. Ал эми Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов кооптуу аймактарда жашап жатышкан калкты коопсуз аймактарга көчүрүү багытындагы иш-аракеттер жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлөөрүн белгилеп кетти.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56