
Кочкор-Ата шаарында милициянын аймактык пунктунун ачылыш аземи болуп өттү (ФОТО)

Кечээ, 28-январда Кочкор-Ата шаарынын Луговая участкасында жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 900 сомдук каражатка курулган милициянын аймактык пункту менен фельдишердик-акушердик пуктунун имараты пайдаланууга берилди.
Аталган иш-чарага КР Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, КР Жогорку кеңешинин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары катышып, милициянын аймактык пунктунун мындан аркы ишине ийгиликтерди каалашты.
КР Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов өз сөзүндө милициянын жакшы иштеши үчүн бринчиден алардын ишине шарттарды түзүп берүү керектигин баса белгилеп кетти.
- Милиция кызматкерлеринин эң негизги милдети – коомдук коопсуздукту, тартипти, кылмуштуулукту алдын алуу менен эгерде кылмыштуулук болсо, анын бетин ачуу, элдин ишеничине ээ болуу. Кандай гана арыз-муң болсо, ошого акыйкат чечим чыгаруу. Ал үчүн милиция кызматкерлери үчүн шарт түзүп берүү керек. Азыркыдай болуп жакшынакай шарттагы имараттарды куруп, милицияга шарт түзүп берүү, бул элдин ишеничине арзыйт, - деди К.Асанов.
Ошондой, өкүл К.Сатыбалдиев да жаңы имараттуу болгон милиция кызматкерлеринин ишине ийгиликтерди каалоо менен облус аймагында 68 коомдук аймактык пункттар ачылгандыгын билдирди. “Милиция кызматкерлеринин ишине жакшы шарттарды түзүү үчүн Жалал-Абад шаарында 100 батирлүү 5 кабаттуу үй курулуп жатат. Бул да болсо, милиция кызматкерлеринин иши натыйжалуу болуусуна жакшы түзүп берет”, - деди өкүл.
Ал эми Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробековдун сөзүнө караганда, калк жыш жайгашкан участкада кылмыштуулуктун алдын алуу, элдин коопсуздугун, тынчтыгын, бейпилдигин сактоодо жана бейтап жарандардын, кары-картаң ата-энелердин саламаттыгын алдын алууга милиция жана ак халатчан медицина кызматкерлери биргелешип, эл менен тыгыз иштешүүгө жакшы шарттар түзүлдү.
Милициянын аймактык ыйгарым өкүлү Нурбек Мажитовдун берген маалыматына караганда, Луговая участкасында жашаган калктын саны – 8670, кожолуктун саны – 2126, эки бала бакча, алты мекеме жайгашкан.
- Кочкор-Ата шаардык милициянын аймактык пункту шаардык милиция бөлүмчөсүнөн 5 чакырым алыстыкта жайгашып, кары-картаңдар үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратчу. Бул участокто чыр-чатактуу үй-бүлөлөр көп, ошого эми жакын болуп, кварталдык комитеттер менен чогуу иштөөгө жакшы шарт түзүлдү. Мындан ары аксакалдар соту, кварталдык комитеттер менен чогуу иш алып барабыз. Тургундар алыска барып кыйналышпайт. Бизде 70 адам каттоодо турат. Жаңы жылдан бери 15 кылмыш ишти катталып, баарынын бети ачылды.
Аксакалдар милициянын аймактык пункту менен фельдшердик-акушердик пунктунун куруу демилгесин көтөргөн шаар мэри К.Эгембердиевге, жана 2016-жылы 2 айда имаратты куруп бүтүргөн “Асуэнда” ЖЧКу фирмасынын куруучуларына ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын беришти.
Милициянын аймактык пункту менен фельдшердик-акушердик пунктунун курулушунун алгачкы пайдубалын тургузууга Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков, шаар мэри К.Эгембердиев, Ноокен РИИБнүн башчысы Н.Өсөров, ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Исаков жана жергиликтүү тургундар катышкан.
КР ИИМнин юбилейлик медалдары Кочкор-Ата шаарынын мэри К.Эгембердиевге жана имаратты курган фирманын жооптуу кызматкерине К.Асанов тапшырды. Ошондой эле, ОИИБнын жана Ноокен РИИБнүн атынан алдыңкы милиция кызматкерлерине, шаар куруучуларга ардак гармоталар жана алкыш баракчалары тапшырылды.
Келген коноктор имараттын ичине кирип, милициянын аймактык пунктунун иштөө шарты менен таанышып чыгышып, аксакалдар милиция кызматкерлерине ак баталарын беришти.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41