Жалал-Абадда депутаттардын көпчүлүк “Биримдик” коалициясы бузулду
Жалал-Абад шаардык кеңешинен “Биримдик” көпчүлүк коалициясынан “Республика -Ата-Журт” партиясы чыгып кетти. Бул тууралуу аталган партиянын фракция лидери Тагай Чиллаев журналисттерге билдирди.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-январдагы 1-сессиясында “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика - Ата-Журт”, жана “Ата-Журт” партияларынан шайланган шаардык кеңештин депутаттары “Биримдик” коалициясын түзүшүп, төраганын орун басарын шайлашкан болчу. Дал ошол коалициядан “Республика- Ата-Журт” партиясынан шайланган депутаттар өз каалосу менен чыгып кетишти.
Анын айтымына караганда, учурда шаардык кеңеш бир чечимге келе албай, шаардын иши токтоп, шаар бюджети бекитилбей, ишти аркага тартып олтурат.
- Мына ошого байланыштуу биз “Биримдик” коалициясынан чыгууну чечтик, максатыбыз - мэрликти же төрагалыкты алуу эмес, элдин көйгөйүн чечүү. Эгерде шаардын иши үчүн төрт партия биригип, биримдик түзүлсө, биз оппазицияда калуу үчүн да даярбыз, - дейт ал.
Эскерте кетсек, өткөн шайлоолордо “Республика-Ата-Журт” партиясынан шаардык кеңешке 3 депутат шайланган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









