KELECHEK
rek

Ташкенттеги аэропортто Москвадан келе жаткан жүргүнчү "жоголду"

Ташкенттеги аэропортто Москвадан келе жаткан жүргүнчү

Өзбекстандык Умар Бадалов 19-январь күнү “Домодедоводон” Ташкентке учуп келип, бирок аэропорттун имаратынан тышка чыккан эмес. Аялы Феруза Бадалова күйөөсүн бир жума издегенин, бирок жыйынтык чыкпаганын билдирүүдө. Жоголгон киши Орусияда иштеп жүргөн.

Феруза Бадалова күйөөсүн табууга жардамдашуу өтүнүчү менен райондук ички иштер бөлүмүнөн тарта Генералдык прокуратурага чейин арыз жазып кайрылган. Бирок алардын бири дагы жооп берген эмес.

Айтымында, ал Москвадан учуп келе жаткан күйөөсүн тосуу үчүн 19-январда Ташкент Эл аралык аэропортуна барган. Бирок ал күнү милиционерлер аба майдандын имаратынын ичине киргизбей коюшкан. Кийинки күнү паспорту менен барып, каттамдын башчысынан күйөөсү чын эле Орусиядан келгенин тактаган. Чек ара көзөмөл бекетинен Умар Бадаловду “мамлекеттик органдын” кызматкерлери алып кетишкенин айтышкан.

38 жаштагы Умар Бадалов 1999-жылы диний айыптоолор менен 17 жылга кесилген. Төрт жылдан кийин мунапыска илинип, түрмөдөн чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...