Казакстанда абактагы укук коргоочу кыйноого кабылганын билдирүүдө
Казакстанда балкаштык укук коргоочу Санат Бөкеновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду. Ал кыйноого кабылганын жарыялаган соң, бул боюнча териштирүү башталды.
Балкаштык укук коргоочу “жергиликтүү прокурорду жемкорлукка күнөөлөп, жалган маалымат берген” деген айып менен жарым жылдан бери камакта отурат.
19-январда сот жараяны болуп, 58 жаштагы Санат Бөкенов абакта кыйноого кабылганын айткан. Буга байланыштуу мамлекеттик айыптоочу соттон Букеновго карата кылмыш ишин убактылуу токтотууну сураган. Прокурор өтүнүчүн кыйноо жөнүндөгү арыз боюнча тергөөчүнүн үстүнөн кылмыш иши козголгону менен түшүндүрдү. Бирок бул иш боюнча акыркы процессуалдык чечим кабыл алына элек. Учурда Бөкеновго карата кыйноонун кандай түрү колдонулганы аныкталып жатат.
Камактагы укук коргоочу сотко бир күн калганда "Азаттыктын" казак кызматына кыйноолор моралдык зыян алып келип, ден соолугу начарлаганын билдирген. Камерадагы адам чыдагыс жагдай, туугандары менен көрүшүү мүмкүндүгүнүн жоктугу – азапка тете экенин айткан. Ал мындан тышкары камакта жаткан маалда жүрөгү жана бөйрөгү ооруп, 13 килограммга арыктаганын кошумчалаган.
Укук коргоочу үйүндө мыйзамсыз тинтүү жүргөнүн, жеке буюмдары менен кошо документтери, иликтөө материалдары конфискацияланганын маалымдаган.
Бөкенов кыйноолор боюнча маалымат бергендигине байланыштуу өз өмүрүнүн коопсуздугуна кабатыр болуп жатканын билдирген. Буга байланыштуу ал соттун чечими менен жеке камерада кармалмай болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









