Мамдума депутаттары транспорт үчүн жылына 700 миң рублдан сурашууда
Мамдума депутаттары транспорт менен камсыз кылуунун жаңы ыкмасын ойлоп тапканын парламент вице-спикери Игорь Лебедев кабарлады. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жылына кошумча 215 миллион рубль керектелет. Ар бир депутатка бөлө келгенде бул сумма 700 миң рублди түзөт.
Учурда Мамдума депутаттары аймактарды кыдырууда автоунааны убактылуу жергиликтүү администрациядан алышат. Вице-спикер бул ыкма эл өкүлдөрүн канааттандырбай жатканын айтты.
Жаңы схема боюнча кызматтык унаа колдонуу үчүн депутаттардын колуна накталай акча берилет. “Аймактарда автотранспорт менен камсыз кылуу үчүн депутаттарга бирдей каражат бөлүү сунушталууда. Анан ал өзү чечет: кааласа такси менен жүрөт, кааласа машина сатып алат же акчаны чөнтөгүнө салып, жөө жүрөт. Анткен менен администрация машина бербей койду деп нааразы болбойт”,-деп түшүндүрдү Лебедев.
Учурда транспорттук чыгымдар үчүн Мамдума болжол менен жылына 100-110 миллион рубль коротот. Жаңы сунуш ишке ашса, бул каражат 315 миллион рублга көбөйт. Учурда транспорт үчүн бөлүнгөн акчаны парламент мүчөлөрү тегиз колдонушпайт. Башкаруучу партиянын бир депутаты эле бул максатта 19 миллион рубль коротуп койгону айтылууда.
Мамдумада бул система сегиз жыл мурун эле сунушталган. Бирок айрым депутаттар аймактар көлөмү жана транспортунун баасы боюнча бири-биринен кескин айырмаланып тургандыктан, ар бир депутатка бирдей каражат бөлүү туура эмес деген пикирде. Бул боюнча Орусиянын Каржы министрлиги өз оюн айта элек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









