KELECHEK
rek

Мексика президенти АКШга баруудан баш тартты

Мексика президенти АКШга баруудан баш тартты

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Мексика чек арада курулчу дубалдын чыгымдарын көтөрүүдөн баш тартса, мексикалык кесиптеши Вашингтонго пландалган сапарын токтотушу керектигин билдирген. Ошол эле күнү кечинде Reuters агенттиги Мексиканын президенти Пенья Ньето Трамп менен жолугуудан баш тартканын кабарлады.

АКШ менен Мексика президенттери кийинки жумада жолугушуусу керек болчу. Анда Кошмо Штаттардын жаңы президентинин билдирүүлөрүнөн кийин бузулуп кеткен эки тараптуу мамилелер талкууланат деп күтүлүп жаткан. Трамп ага чейин Мексика менен болгон чек арага дубал тургузуу жана эркин соода боюнча түндүкамерикалык макулдашууну кайрадан карап чыгуу ниетин билдирген.

"АКШнын Мексика менен болгон соода балансынын таңкыстыгы 60 миллиард долларды түзөт. Бул башынан эле бир тараптуу келишим болгон. Эгер Мексика өтө зарыл болуп турган дубалдын курулушуна акча төлөбөсө, анда алдыдагы жолугушууну өткөрбөй эле койсок жакшы болот", - деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

Ал чек арада дубал курууга уруксат берген жаңы буйруктарга шаршембиде кол койгон эле.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52