Жалал-Абадда дин таануу маданиятын жогорулатуу боюнча иш-чара өткөрүлдү
Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн дин иштери боюнча комиссиясынын түштүк аймактык башкармалыгынын уюштуруусунда Кыргызстандагы дин таануу жана диний билим берүүнү реформалоо концепциясынын долбоору боюнча кеңешме жыйын болуп өттү. Бул тууралуу КР дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аналитика бөлүмүнүн жетекчиси Гүлназ Исаева билдирди.
Анын айтымында, бул концепция өткөн жылы түзүлүп, ага карата атайын жумушчу топ куралып, ушул багытта иш алып барылууда.
-Ал эми бүгүнкү жыйындын күн тартибине эки маселе коюлган. Биринчиси, дин таануу билим берүүсү, ал эми экинчиси - диний билим берүү багыттарында. Жыйынга Жалал-Абад облусундагы дин кызматкерлери жана шаардын мектеп мугалимдери катышты. Анда алар менен бүгүнкү күндөгү жаштарыбыз арасында дин таануу маданиятын жогорулатууну талкуулашты. Мындай жыйындарды өткөрүүдөгү негизги эле максат мектептерде, жогорку окуу жайлардагы студенттердин жана окуучулардын арасында диний билим берүү жана аны жогорулатуу болуп саналат. Мектеп окуучулары үчүн алдыда дин таануу сабагын киргизүү багытында даярдыктар жүрүүдө дейт,- ал.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын сентябрь айынан тарта Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында пилоттук негизде балдарга диний түшүнүк берүү сабактары киргизилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13