Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүдө оппозиция өз планын сунуштады
Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Иран, Орусия, Түркия Сириядагы чагымдардын алдын алып, ок атышууну токтотуу режимин көзөмөлдөгөн механизм түзүүгө макулдашты.
Бирок бул билдирүүгө сириялык оппозиция макул эмес. Алар ок атышууну токтотуу режимине байкоо салуу боюнча өз планын сунуштоодо. Оппозицияга документтеги “жөнгө салуу” деген сөз жаккан эмес.
“Биз бул жакка жөнгө салуу үчүн келген жокпуз. Биз Сириядагы бийликти өткөрүп берүүнү шарттай турган саясий чечимге жетишүү үчүн чогулдук. Бул ок атышууну токтотуучу биринчи этап аркылуу жүзөгө ашышы мүмкүн”, -деди сириялык оппозиция делегациясынын башчысы Мухаммед Аллуш.
Аллуш ок атышууну чындап токтотуу “гуманитардык чаралар” менен коштолушу керектигин айтты. Оппозиция тынчтык жараянына мониторинг жүргүзүүнүн альтернативдүү механизми - ок атышпоо режиминин бузулушунун масштабын жана бул үчүн жооптуу тарапты аныктоого жардам берет деген пикирде. Аллуш документ Түркия, Орусия, БУУнун расмий өкүлдөрүнө жөнөтүлөрүн баса белгиледи.
Бул арада Сириядагы оппозиция делегациясынын өкүлү Осама Абу Зейд үч өлкө сунуштаган мониторинг боюнча макулдашууга оппозициянын аскерлери кошулбай калганын айтты.
Сирия боюнча кийинки сүйлөшүү БУУнун көмөгү менен 8-февралда Женевада өтөт.
Ок атышпоо келишими өткөн жылдын декабрынын аягында кабыл алынган. Сирияда 2011-жылы демократияны жактаган демонстранттарды күч менен басуудан кийин тутанган жарандык согушта азыркыга чейин жүз миңдеген кишинин өмүрү кыйылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









