KELECHEK
rek

Ашхабаддын борборунда жүздөгөн турак үйлөр бузулууда

Ашхабаддын борборунда жүздөгөн турак үйлөр бузулууда

Бийлик Ашхабаддын бир канча борбордук көчөсүндөгү турак үйлөрдү бузууда. Жаңы турак жай бөлүп берүү маселеси чечилгенче үй ээлерине туугандарыныкына барып жашап туруу буйругу берилди. Жергиликтүү бийлик кыш чилдесинде жүздөгөн үй-бүлөнү көчүрүүгө кандай зарылчылык болгонун жана үйлөрдү бузуунун алдын ала пландалган-пландалбагандыгын түшүндүргөн жок.

Түркмөнстан борборундагы жеке үйлөрдүн бузулуп жаткандыгы тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына кышында үйсүз калган ашхабаддыктар билдиришкен. Айтымдарында, алардын үйлөрү шаарды көрктөндүрүү чараларынын алкагында бузулган. Бийлик үйлөрдүн бузуларын алдын ала эскертпегендиктен, үйсүз калган жарандар курулуш материалдарын жана айрым буюмдарын арзан баада сатууга аргасыз болушууда.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, үйдү тез аранын ичинде бошоткула деп туруп алышат. Кышында, мындай оор шартта зарыл болгон нерселериңди чогултууга гана араң жетишет экенсиң», - деди өткөн аптада үйү бузулган жергиликтүү тургун.

Жашоочуларга бузулган үйлөрүнүн ордуна Мир-7 жана Коши райондорунан батирлер сунушталып жатат. Бирок жаңы үй берүүнүн такталган тартиптери жок болгондуктан үй-бүлөлөрдүн көбүнө туугандарыныкында жашап турушу керектиги айтылды. Ошол эле маалда Мир-7 районунан батир алууга жетишкендер жаңы үйлөрдө шарттар толук түзүлбөгөнүн айтып жатышат. «Бизге батир берилген үйдө жылуулук системасы курулуп бүтө элек экен. Кыш чилдесинде батирди жылытуу кошумча түйшүк жаратат. Электр мештерин сатып алууга туура келет», - дейт жергиликтүү тургундардын бири.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13