Жалал-Абад шаарынын тургунунан ири өлчөмдөгү ок-дарылар алынды
2017-жылдын 24-январь күнү саат 19:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарынын Чехов көчөсүндө жайгашкан “Айым” соода борборунун алдында, Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасынын тургуну 45 жаштагы А.П. коомдук жайда мас абалында жүргөн жеринен Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
Мас абалындагы атуулду текшерген учурда “АКС-74” ок атуучу куралына таандык 5,45 мм калибриндеги 34 даана ок жана “АКМ” ок атуучу куралына таандык 7,62 мм калибриндеги 4 даана октору табылып, калыстардын катышуусунда акт түзүлүп алынган.
Кармалган А.П. аттуу адам Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн, тергөө бөлүмүнө алынып келинип, күбөлөрдүн катышуусунда суракка алынган учурда, шектүү мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын аймагында катылган дагы ок-дарылары бар экендигин айткан. А.П.нын сөзү боюнча аталган дарекке Жалал-Абад ОИИБнын ыкчам тергөө тобу барып текшерген учурда, даараткананын ичиндеги өзүнчө бөлмөнүн ичинен 5,45 мм калибрдүү “АКС-74” үлгүсүндөгү ок атуучу куралынын 614 даана ал эми 7,62 мм калибрдүү “АКМ” ок атуучу куралынын 11 даана октору, ак капка оролуп турган жеринен алынган. Жалпы 5,45 мм калибриндеги 648 даана жана 7,62 мм калибриндеги 15 даана ок-дарылары алынган.
Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп,учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05