KELECHEK
rek

Жалал-Абад облустук коллегиясында жыл жыйынтыгы чыгарылды (ФОТО)

Жалал-Абад облустук коллегиясында жыл жыйынтыгы чыгарылды (ФОТО)

Бүгүн, 25-январда КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустун 2016-жылдын  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жана 2017-жылдын негизги милдеттерин белгилеген коллегия жыйыны болуп өттү. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Жыл жыйынтыгы чыгарылган облустук коллегиянын ишине  КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыалдиев, райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын башчылары, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Коллегияны Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алып барды. Алгач жыйындын катышуучулары 2017-жылдын 16-январында “Манас” Эл аралык аэропортунун жанындагы Дача-Су айылында авиакырсыктан каза болгон мекендештерибизди  бир минута аза күтүү менен эскеришти.

Облустук коллегия жыйыны башталардын алдында район-шаарлардагы бир катар жетекчилер  менен атуулдарга КР Өкмөтүнүн жана өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктүн Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары менен  алкыш каттарын КР вице-премьери-министри Жеңиш Разаков жана өкүл Кыянбек Сатыбалдиев тапшырды.    

Андан кийин, Жалал-Абад облусунун 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, облустун стратегиялык өнүгүү программасынын иш-чараларынын аткарылышынын абалы туурасында өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов баяндама жасады.

- Жалал-Абад облусу боюнча 2016-жылы 20 млрд. 859,2 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 102,0 пайызды түздү. Же болбосо облустун республиканын өнөр жай тармагынын көлөмүнүн өсүүсүнө кошкон үлүшү 10,2 пайызды берген. 2017-жылдын 1-январына карата пайдаланылган электр энергиясына болгон жалпы дебитордук карыз 174 млн.4,1 миң сомду түздү. Мунун ичинен мекеме-уюмдар менен ишканалардын карыздары  66 млн. 889 миң сом болсо, калктын карызы 107 млн. 114,8 миң сомду түздү. Электр энергиясына болгон дебитордук карыздар азайып жатканы менен жыл ичинде жалпы дебитордук карыз Майлуу-Суу шаарында 34,8, пайызга, Жалал-Абад шаарында 8,6 пайызга өсүп кеткен.

Ошону менен бирге КР “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамы талаптагыдай сакталбагандыктан Аксы, Ала-Бука, Сузак, Чаткал райондорунда жана Таш-Көмүр шаарынын аймагында алтын, көмүр, сурьма кендеринде жергиликтүү калк тарабынан өз алдынча казуу иштерине жол берилген. Натыйжада коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан 2016-жылы облуста 4 тургун каза болгон,- деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Анын маалыматына караганда, 2016-жылы облустун аймагында 86 өзгөчө кырдаалдар катталган. Ар кандай табигый өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 35 жаран каза болгон.  Жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен келтирилген материалдык зыяндар 233 868 048 сомду түзгөн. Учурда Сузак районунда 1057 үй-бүлө жана Аксы районунда 460 үй-бүлө жер көчкү жүрүү коркунучу бар өтө кооптуу аймактарда жашап жатышат.

Облуста мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо жалпысынан 3657,6 млн. сомго аткарылган. Республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктар 2088,8 млн. сомго аткарылып, план-тапшырма 100,6 пайызга чыккан. Республикалык бюджеттин план-тапшырмалары Тогуз-Торо, Ала-Бука, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Кара-Көл, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларында аткарылбай калган. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен облус боюнча 14 млрд. 443 млн. 927,1 миң сомдук инвестициялар тартылып, өсүү темпи 110,9 пайызды түздү. Ошол эле учурда Кара-Көл шаарында жалпы инвестиция тартуу 81 пайызга, Майлуу-Суу шаарында ички инвестиция тартуу 96,2 пайызга гана аткарылган. Облуста кичи жана орто бизнес ишканалары тарабынан өндүрлгөн продукциянын көлөмү 419,4 млн. сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 118,2 пайыздык өсүштү берген.

Ошондой эле, облустун социалдык тармагындагы аткарылган иштердин абалы туурасында өкүлдүн орун басары Бакытбек Анаркулов баяндама жасады.

- Облуста туулгандыгы тууралуу күбөлүк албай жүргөн балдардын саны  2017-жылдын 1-январына карата  573 баланы түзгөн. Бул көрсөткүч Базар-Коргон, Сузак жана Ноокен райондорунда абдан арбын. Жыл башына карата облус боюнча 29244 жаш бала төрөлсө, анын ичинен 473 бир жашка чейинки балдардын өлүмү катталган. Ымыркай балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү  1000 балага 16,3тү түздү. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 1,4 көрсөткүчкө азайды дегендикти билдирет. Өткөн жылы энелердин өлүмү 1000 адамга алганда 24,1ди түздү. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу энелердин өлүмү 50 пайызга азайды дегендикти билдирет. Бирок, Сузак менен Ноокен райондорунда балдардын  өлүмүнүн көрсөткүчү көбөйүп кеткен. Облустун саламаттыкты сактоо тармагында 186 ар кыл адистиктеги дарыгерлер жетишпейт,- деди өкүлдүн орун басары Бакыт Анаркулов.

Экинчи маселе боюнча облустук коллегия жыйынында телекөрсөтүүлөрдү санарипке өткөрүү боюнча КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кенен маалымат берди.

- 2017-жылдын 15-майынан баштап өлкөбүз боюнча аналогдук телекөрсөтүүлөр токтойт. Санариптик көрсөтүүлөргө өтүү боюнча бардык даярдык иштери жүргүзүлдү. Социалдык пакетке ылайык өлкөбүздө 13 телеканалдар акысыз санариптик негизде көрсөтүлө баштайт. Учурда республикабыз боюнча 326, ал эми Жалал-Абад облусунда 66 айылда санириптик сигналдар болбой жатат. Бул максатта ал аймактарга кичи кубаттуулуктагы автоматташтырылган ретрансляторлор коюлат. Эң негизги милдет телеканалдарды санариптик көрсөтүүгө өткөрүү боюнча облустук бардык телеканалдар керектүү жабдуулар менен камсыз кылынды. Максат эми аны элге жеткиликтүү түшүндүрүүдө турат,- деди А. Темирбекова.

Андан кийин, облустук коллегия жыйынында Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев, Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Долдоев жана Сузак районунун акими Абдумуктар Маматовдун иштеринде кетирилген кемчилдиктерди чететтүү боюнча алардын пикирлери угулду.

- Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда айыл чарба багытындагы 16870 га. жер иштетилбей калган. Жер салыгынын 25 пайызы айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртууга иштетилүүсү  зарыл. Облуста энергетика тармагындагы жоготуулар менен дебитордук карыздарды жоюу багытында катуу иш алып барууңуздар керек. Айыл аймактарын дотациядан чыгаруу боюнча акимдер менен мэрлер, айыл аймактарынын башчылары ишти күчөтүүбүз  керек. Жер салыгынын базалык ставкаларын көтөрүү боюнча элге кеңири түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү зарыл. Бул маселеде Жалал-Абад облусундагы иш аракеттер жетишсиз. Чек ара аймактарындагы айылдарды өнүктүрүү боюнча атайын облустук Программа иштелип чыгылуусу керек,- деди КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков.

Коллегияда каралып талкууланган маселелер боюнча токтомдун долбоору кабыл алынды. Облустук коллегиянын ишин өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жыйынтыктады.

Жолдошбай Осмонов, журналист.     

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38