Тажикстанда аткаминерлердин сабатсыздыгын жоюу курстары башталды
Тажикстандын Куляб шаарынын мэри жергиликтүү чиновниктердин сабаттуулугун жогорулатуу максатында туура жазуу сабактарын уюштурду. Калаа башчысы Хайрулло Амонулло мындай идея мамлекеттик кызматкерлер тажик тилин жеткиликтүү деңгээлде билбегендиктен келип чыкканын айтууда.
Мэр кол алдында иштегендер өтө ката жазышарын, мындан улам алар жазган каттардын көбүн кайра артка жолдой турганын билдирди. “Мен өзүм алардын каталарын кызыл сыя менен ондоп чыгам. Бир эле катты бир нече жолу ондоо үчүн кайра артка жөнөткөн учурлар болгон. Буга байланыштуу кол алдымда иштегендер үчүн туура жазуу боюнча сабактарды уюштурууга аргасыз болдум. Сабактарды менин орун басарларым күнүгө 1,5 сааттан өтүп жатышат”, - деди ал.
Мамлекеттик кызматкерлер сабак учурунда иштиктүү кат жазышууну, тыныш белгилерин туура коюууну, туура сүйлөөнү үйрөнүшүүдө.
Жаш муундардын сабатсыздыгы өлкөдө беш жылга созулган жарандык согуш менен байланыштырылып жүрөт.
Тажикстандын Тил жана терминалогия комитети эки жыл мурун мамлекеттик тилди билүүнүүн деңгээлин аныктоо максатында 500 студенттин арасында текшерүү жүргүзгөн. Алардын ичинен 80% жат жазууну начар жазган.
Буга карабай, өлкөдө мамлекеттик тилди окутуу 140 сааттан 64 саатка чейин кыскартылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13