KELECHEK
rek

Өзбекстанда 40 миңге жакын киши мунапыска илинди

Өзбекстанда 40 миңге жакын киши мунапыска илинди

Өзбекстандын парламентинин токтомунун негизинде 39 миң 748 киши мунапыска илинди. Жазадан кылмыш кылган маалда 18ге жашка толо элек 5408 аял жана 893 эркек, ошондой эле 60тан ашкан 1045 адам бошотулду.

Мунапыс тууралуу документте жазадан биринчи жана экинчи топтогу майыптарды, ошондой эле тиешелүү токтом күчүнө киргенге бир ай калганга чейин оорулуу деп табылган камактагыларга азаттык берүү каралган. Ага ылайык 144 киши бошотулду. Документтин башка пункту менен жаза мөөнөтү кыскартылгандарды бошотуу каралган.

Маалыматка караганда, учурда соттор менен биргеликте прокуратура, ички иштер, саламаттыкты сактоо органдарында мунапыска илингендер боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө. Кургак учук менен ооруган жана биринчи, экинчи топто диспансердик каттоодо тургандар атайын медициналык жайларга жөнөтүлөт. Үй-бүлөсү жок жалгыз адамдар «Саховат» же «Мурувват» үйлөрүнө жайгаштырылат. Эрезеге жете электер ата-энелеринин же камкордукка алчу мекемелердин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон учурларда атайын окуу жайларга жөнөтүлөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20