Казакстанда ачкачылыкка катышкан мунайчылар соттолууда
Кечээ Актау шаарында Oil Construction Company (OCC) мунайсервис компаниясынын жетекчисинин Каламкас кенинде иштеген 28 кызматкерине карата жазган доо арызы каралууда. Алар Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясынын жабылышына каршы нааразылыгын билдирип, ачкачылык акциясына катышып жатышкан.
28 жоопкердин сегизи ачкачылык акциясына байланыштуу үчүнчү жолу административдик жоопко тартылып жатышат. Ишкана мунайчылардын аракетин мыйзамсыз деп таап, акция маалында келтирилген чыгымдар үчүн жумушчулардан 3 миллион тенгеден ашык акча (9 миң долларга жакын) өндүрүп берүүнү талап кылууда.
Жүздөгөн мунайчылардын катышуусундагы ачкачылык акциясы 5-январда башталган. Нааразылык акциясына Каламкас жана Жетыбай мунай кендериндеги жумушчулар да кошулушкан. Өткөн аптада акция катышуучуларына карата кылмыш иши козголуп, акциянын өзү сот тарабынан мыйзамсыз деп табылгандан кийин жергиликтүү бийликтин талабы менен ачкачылык токтогон. Компания өкүлү билдиргендей, жоопкерлер башка жумушчуларды «ачкачылыкка катышууга үгүттөшкөн».
Бирок мунайчылар ал билдирүүлөрдү четке кагышып, ишкананын 270тен ашык кызматкери акцияга өз ыктыяры менен катышып жатканын билдиришүүдө.
21-январда Астана соту OCC жумушчуларынын кесиптик кошуун башчысы Амин Елеусинов менен кошуундун эмгек боюнча инспектору Нурбек Кушакбаевди камакка алууга санкция берип, алар эки айга камалышкан. Ачкачылык акциясынын катышуучулары жыл башында жабылган Казакстандын Көз карандысыз кесиптик кошуун конфедерациясын калыбына келтирүүнү талап кылып жатышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









