Кочкор-Атада самсачыдан 5 миң АКШ долларын талап кылышкан КТнын мүчөлөрү кармалды
Жалал-Абад ОИИБнын башчысынын буйругунун негизинде "Разбойник" аталыштагы ыкчам иликтөө жана профилактикалык иш-чара уюштурулуп, операция учурунда кылмыштуу топтун (КТ) мүчөлөрү Кочкор-Ата шаарында самса бышырып сатып тиричилик кылган жаранды карактап акчасын алгандыгы аныкталат.
Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрь күнү саат 11:30 чамаларында самсачыны "Зама", "Акмал" аттуу бей тааныш балдар Кочкор-Ата шаарынын түндүк тарабында жайгашкан эски санаториянын багына алып чыгышып, ал жерде пистолет такап, уруп, тебишип, коркутуп 16 000 сом акчасын алып, дагы "5000 АКШ доллар бересин" деп коркутуп акча талап кылышкан.
Жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Алынган ыкчам маалыматтын негизинде бул кылмышка Акмал жана анын шериги Зама шектүү катары кармалып убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.
“Аталган кылмышка шектүү 2 атуул уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турат. Уюшулган кылмышкерлер тобуна жана анын лидерлерине каржылаган каналдарын табуу жана облустун аймагында уюшулган кылмыштуу топтун идеяларын колдогон, оперативдик кызыгуу жараткан жарандарды аныктоо үчүн тапшырмалар берилип оперативдик иш чаралар улантылууда”, - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05