Жалал-Абад шаардык мэриясы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды
Жалал-Абад шаары өткөн 2016-жылы өнөр жай продукциясын өндүрүү тармагын эске албаганда бардык тармактар боюнча өнүгүү позициясына чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган отурумга КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаар мэри Салайдин Авазов, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында шаардын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаев баяндама жасады. Анын айтымында, мурдагы 2015-жылга салыштырмалуу шаардагы 16 чарба субъектилери тарабынан жана жеке ишкерлер тарабынан 2016-жылы 151,1 миллион сомдук кошумча өнөр жай продукциясы өндүрүлдү.
Ошондой эле, ар түрдүү тармактарга тартылган инвестиция жалпысынан 3 миллиард 206,6 миллион сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 100 пайыз болду. Анын ичинен ички инвестиция каражаты 2 миллиард 962,2 миллион сомду түзүп, өсүү темпи 109,7 пайызга жеткен. Шаар боюнча айыл чарбасында салыштырмалуу бааларда 253,4 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, мурдагы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 103,9 пайызга жеткен. Анын ичинен 87,4 миллион сомдук таалачылык продукциясы, 166 миллион сомдук мал чарба продукциясы өндүрүлгөн.
2016-жылдын жыйынтыгы менен салыштырмалуу баада 19 миллиард 839,7 миллион сомдук чекене соода жүргүзүлүп, мурдагы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 104,9 пайызга жетти. Өткөн жылы салык жана салык эмес төлөмдөрү боюнча жеткирилген план-тапшырма 651,2 миллион сом болсо, аткарылганы 651,2 миллион сом болду. Жеткирилген план-тапшырмадан 2,5 миң сомго көп салык жыйналды.
Жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы 369 миллион 438,1 миң сом болсо, аткарылганы 375 миллион 353,1 миң сом болуп, 101,6 пайызга аткарылды жана 5 миллион 915 миң сом көп түштү. 2016-жылы капиталдык салымдардын шаар боюнча аткарылышынын жыйынтыгы 596,6 миллион сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 141,6 пайызга өсүү болду.
Шаар мэриясынын аткаруу комитети 2016-жылдагы аткарылган иштерди эске алуу менен 2017-жылга аткарылуучу план-тапшырмалар боюнча токтом кабыл алды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38