KELECHEK
rek

Президент чек араны бекемдөөнү Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисине тапшырды

Президент чек араны бекемдөөнү Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисине тапшырды

КР Президенти Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы штабдын жетекчиси президентке Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы ушул убакка чейин учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууга жөндөмдүү Куралдуу күчтөрдүн иштиктүү түзүмү жок экендигин белгиледи. Башкы штаб мындан ары да өлкөнүн чек арасын бекемдеп, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга аракет кылышы зарыл.

Президент аскерий жетекчилик тартипти күчөтүп, жоокерлердин өмүрү менен саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Бул мамлекет башчысынын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жаңы жетекчиси менен болгон алгачкы жолугушуусу. Дүйшөнбиев бул кызматка үстүбүздөгү жылдын май айында дайындалган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12