Ноокен районунда “Алыш" күрөшү боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш уюштурулду (ФОТО)
Ноокен райондук ички иштер бөлүмү (РИИБү) тарабынан “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата "Мекеним менин-Кыргызстан" долбоорунун алкагында Момбеков айыл аймагында жайгашкан беш орто мектептин окуучулары арасында "Алыш" күрөшү боюнча мелдеш уюштурулду-деп билдирет Ноокен РИИБнүн орун басары, милициянын подполковниги Нурбек Маматов.
Анын берген маалыматына караганда, мелдещти уюштурунун макстаты – кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизмге, баңгичиликке каршы күрөшүү, жаштар арасындагы пикир келишпестикти алдын алуу, достукту бекемдөө, жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка чакыруу болуп санаталат.
Бул жышаанга жергиликтүү дин таануучу Шералы Жумабаев демөөрчүлүк көрсөттү. Анын өз оюнда элет жеринде күрөш уюштуруу ниети болгон, аны менен кошо жергиликтүү милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнүн демилгесин колдоо менен максаттары бир чыгып, күрөштү улуу муундагылар үчүн эмес жалаң келечек жаш муундар үчүн өткөзүүнү туура көрүшкөн. Бүгүн алардын ой тилеги орундалып, күрөшкө 150дөй жаш өспүрүмдөр катышып күч сынашты.
Иш-чарага жергиликтүү спорт ышкыпоздорунан тартып, ата-энелери, машыктыруучулары, жергиликтүү бийлик органдары, дин өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги күбө болуп, калыстар байгелүү орундар аныкташып, демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.
"Мен да өз жеримдин атуулу катарында келечегибизди жаштарды ойлоп спорттук иш-чара уюштурууну көздөп жүргөм. Бирок аймактык милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп жаш өспүрүмдөргө уюштуралы деп сунушташты. Чындыгында биздин динибизге да мамлекеттик идиологияга да туура келээри, тарбиялык мааниси зор экендигин, спорт аркылуу дени сак жаш муундарды сергек жашоого тарбиялоого түрткү берээрине ынандым жана бул демилгени колдоо менен максатыбыз орундалып жатат", - деп билдирет жергиликтүү демөөрчү, дин таануучу Шералы Жумабаев.
Жалпы жыйынтык менен командалар арасынан 1-орунду №23 Жунушалиев атындагы орто мектептин окуучулары багындырып акчалай сыйлык, диплом жана кубок ыйгарылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20