«Мемориал»: Тажик мигранттардын балдары - кыйноолордун курмандыктары
Орусиялык «Мемориал» укук коргоо уюму жаңы баяндамасында эмгек миграциясы Тажикстанда калган мигранттардын балдарына терс таасирин тийгизип жатканын белгилөөдө.
«Тажикстанда калган эмгек мигранттардын балдары ата-энелерин көп жылдап көрүшпөйт, көпчүлүк учурда туугандарынын курмандыгына айланышат, мектепти ташташат, кыйноолорго кабылышат, сексуалдык зомбулук көрүшөт», - дешүүдө укук коргоочулар.
Уюмдун маалыматы боюнча өзгөчө кыздар эрте турмушка чыгуу, үй-бүлөлүк зомбулук, мектепти таштоо сыяктуу көрүнүштөргө туш болушууда.
«Мемориал» тажик бийлигине эмгек мигранттардын балдарына көңүл бурууга, укуктарын коргоого жана Орусиядан кармоолор учурунда балдарды ата-энесинен ажыратуу сыяктуу тажрыйбаны токтоосуз түрдө токтотууну, Умарали Назаровдун өлүмүн адилетүү иликтөөнү улантууну талап кылууга кеңеш берет.
Сентябрда БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин 76-сессиясы өтөт. «Мемориал» миграциялык маселелерге байланыштуу баяндамасын комитетке жөнөттү. Тажикстан Балдар укугу боюнча конфенциянын аткарылышы тууралуу 6-10-февраль аралыгында алдын-ала отчет берет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









