KELECHEK
rek

ИМ тобу Түркияда түнкү клубга кол салган террорчуга үч аялды белекке берген

ИМ тобу Түркияда түнкү клубга кол салган террорчуга үч аялды белекке берген

Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салган өзбекстандык Абдулкадыр Машариповго “Ислам мамлекети” экстермисттик тобу сыйлык катары үч аял белекке берген. Бул тууралуу “Хүрриет” гезити билдирүүдө.

Полиция 16-январда Стамбулда Абдулкадыр Машарипов менен бирге сенегалдык, ирактык жана сомалилик үч аялды кармаган. Кылмышка шектүү жаран алардын баары менен никеге турганын билдирген.

Тинтүү учурунда батирден эки пистолет, 197 миң доллар, дрон жана SIM-карта табылган. Түрк полициясы акча Стамбулда жасалган теракт үчүн берилиши мүмкүн деп божомолдоодо.

Машарипов жаңы жыл түнү Стамбулдун “Таксим” аянтчасында теракт жасоону пландаштырганын, бирок коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу түнкү клубга кирип кол салганын моюнуна алган. “Reina клубуна операцияны жүзөгө ашыруу үчүн келдим, бирок ичи кандай экенин билчү эмесмин. Теракт жасоого буйрук берген адамга чалган соң, раккалык “эмир” мага түнкү клубдун ичи чагылдырылган видеону жөнөттү. Мен тасманы бир нече жолу көрдүм. Ички планын тыкыр иликтеп бүткөн соң, курал жана колго жасалган бомбаны жаныма алып барып, кол салдым”,- деди Абдулкадыр Машарипов.

Машариповдун айтымында, теракттан кийин Раккадагы ИМ тобунун согушкерлери менен байланышкан. Ага буйрук берген киши Түркиядан качууга жардам берүүнү убадалаган. Бирок ага үлгүрбөй, атайын операция учурунда кармалган.

Түнкү клубдагы кол салуудан 39 киши набыт болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...