KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы “Таджи-Махал” кафесинин ээси ок жеп, 4 күндөн кийин каза болду

Жалал-Абаддагы “Таджи-Махал” кафесинин ээси ок жеп, 4 күндөн кийин каза болду

2017-жылдын 18-январы күнү саат 17:00 чамасында Жалал-Абад ШИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө, Жалал-Абад шаарынын Индустриальная көчөсүндө мамлекеттик белгиси D-АА сандуу «Тойота» үлгүсүндөгү автомашинанын айдоочусу бети башы кан абалда, автомашинасынын ичинде отурган жеринен тез жардам кызматы алып кеткендиги жөнүндө кабар келип түшкөн. 

Жалал-Абад шаарынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, Жалал-Абад шаарынын Индустриальная көчөсүндө жайгашкан «Кыргызтелеком» ишканасынын батыш тарабындага автожолдо күмүш түстөгү, мамлекеттик белгиси D-АА сандуу «Тойота-ярис» үлгүсүндөгү автомашина жолдун чыгыш жээгинде токтоп тургандыгы аныкталган.

Окуя болгон жерге жана автоунаага кароо жүргүзүлгөн учурда, автоунаанын эшиктери ачылган, артыңкы сол тарабындагы фарасынын астындагы бамперинин жаны чийилген абалда экендиги такталган. Ал эми, автоунаанын алдыңкы айдоочу орундугунун астындагы резина поликтин үстүндө белгисиз травматикалык ок атуучу пистолеттин бир даана гильзасы, алдыңкы жүргүнчү орундуктун үстүндөгү алдыңкы лобовой айнек менен эшигинин айнегинин ортосундагы кошумча айнектин астынан дагы бир даана белгисиз травматикалык ок атуучу пистолеттин гильзасы буюм далил катары табылып алынган. Автоунаага жана окуя болгон жерге толук кандуу кароо жүргүзүлүп, Жалал-Абад ОИИБнын ПМБнүн автоунаалар коюулуучу короого токтотулган.

Аталган автоунаанын айдоочусу Жалал-Абад шаарынын тургуну, үй-бүлөлүү, жеке ишкер Б.Осмонов көчөсүндөгү “Таджи-Махал” кафесинин ээси, 1954-жылы туулган Азизов Абдусатар экендиги такталып, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, А.Азизовтун оң тарап кулагынын астын кичи операция учурунда, травматикалык ок атуучу пистолеттин тоголок формадагы, каучукка окшош шариги алынган. Оор жаракатынан улам жабырлануучу өзүнө келбестен 4 күндөн кийин каза болду.

Окуя боюнча топтолгон материалдар алынып, медициналык, баллистикалык, биологиялык экспертиазалар дайындалып, КР Кылмыш жаза кодексинин 97- беренеси “Адам өлтүрүү”  менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында кылмышты “Мерседес-Бенс” 600 үлгүсүндөгү автоунаада азият улутундагы, белгисиз жарандар жасагандыгы аныкталып, бул автоунааны аныктоо жана кылмышкеркерлерди кармоо боюнча “Тосмо” (Перехват) операциясы киргизилип, постор коюлуп, багыттамалар берилген.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын иизин суутпастан шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын тургуну 24 жаштагы Д.А, мурда соттолбогон, эч жерде иштебеген, бойдок жана анын досу автоунаанын айдоочусу Сузак районунун тургуну 23 жаштагы Р.Н. кармалып, автоунаасы жана далил буюм катары атылган тапанча жана анын 4 даана октору менен табылган. Алар кылган ишин толук мойнуна алып учурда шектүү атуулдар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндөгү алгачкы маалыматы боюнча алсак, кылмышка шектүү жабырлануучунун (каза болгон) артынан бир топ күн аңдып жүргөн. 18-январь күнү Д.А. саат 3:00 чамаларда досунун “Мерседес-Бенц 600” автоунаасына олтурушуп, “Таджи-Махал” кафесинин жанында жайгашкан Новои көчөсүндө, өз үйүнөн автонаасы менен чыгып келе жаткан 63 жаштагы Азизов Абдусатардын артынан аңдып, жолун бууп (кысып) токтотот да, түшүп барып жабырлануучу Азизов Абдусатарга карай эки ирет ок атып, изин жашырып качып кеткен.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...