Дүйшөмбүнүн аянты кеңейтилет
Тажикстанда Дүйшөмбүнүн жаңы башкы планы даярдалып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн алдындагы Курулуш жана архитектура агенттиги билдирди.
Жаңы башкы планга ылайык, 2040-жылга чейин Дүйшөмбүнүн аянты Рудаки районунун эсебинен 9,5 миң гектарга кеңейтилет. Ошондой эле суу, электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо системалары жаңыланат.
Агенттиктин маалыматы боюнча жаңы парламенттик комплекстин долбоору аяктап, жакында курулушу башталары күтүлүүдө. Президенттин аткаруу аппаратынын имараты бузулат. Адистер анын пайдубалы эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калгандыгын аныкташкан.
Мекеме шаардык мэрия аткаруу аппаратынын имаратына убактылуу көчкөнүн, жаңы башкы план бекитилгенден кийин борбордук акимчиликтин кайсыл жерге жайгашары чечилерин билдирди.
Дүйшөмбүнүн башкы планы советтик архитекторлор тарабынан өткөн кылымдын 80-жылдарында иштелип чыккан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13