Казакстанда журналист мунапыс менен бошотулду
Түштүк Казакстан облусунда сот жергиликтүү журналист жана активист Амангелди Батырбековго карата өкүм чыгарды. Ал райондук прокурордун мурдагы орун басары Нурлан Сапаровдун арызынын негизинде жоопко тартылып жаткан. Сапаров журналистти макаласы аркылуу кемсинтүүгө айыптаган.
Сот журналист, «Сарыагаш-Адилет» коомдук бирикмесинин жетекчиси Батырбековду судьяны, прокурорду жана сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзгөн кызматкерди ушактоого күнөөлүү деп таап, жалган билдирүү таратуу айыбы боюнча актады. Судья Нурбол Ешпанов Амангелди Батырбековго карата эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Анын камакта жаткан күндөрү эске алынып, мөөнөтү бир жыл, алты айга кыскартылды. Сот Батырбековго мунапыс берип, сот залынан бошотуу чечимин чыгарды.
Соттон кийин Амангелди Батырбеков толугу менен акталышы керектигин айтып, доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.
«Адил сөз» укук коргоо уюму Батырбековду «Казакстандагы сөз эркиндигинин туткуну» деп атады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









